21-23-июнда мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат берүүгө арналган салтанаттуу иш-чаралар болуп өтөт. Буга байланыштуу милиция күчөтүлгөн режимде иш алып барат.
Ички иштер министрлиги өлкө аймагын 5 миңдей милиция коомдук тартипти сактоого тартылаарын билдирди.
Алар коомдук эс алуучу жайларда, калктуу аймактардан сырткары жайларда билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү менен ата-энелеринин топтошуп көңүл ачуусуна бөгөт коёт.