5-июлга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 5-июлга караган түнү Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Таластын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

 

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абаддын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

 

Абанын температурасы:

 

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +26…+31,

 

Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31,

 

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36,

 

Ысык-Көлдө  түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28,

 

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23,

 

Бишкек шаарында өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 28…30 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Муфтий баланы эненин атына каттоо боюнча үн катты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев баланы эненин атына каттоо боюнча пикирин билдирди. «Ар бир перзент тегин билүүгө укуктуу. Баланын ким төрөгөндүгү айдан ачык. Ал эми текти атага таандык кылуу муктаждыгы өтө зарыл. Ошондуктан Ислам дини баланын тегин атага таандык кылат. Адам атадан баштап бүгүнкү күнгө чейин бардык адамзат […]

Сизге жагышы мүмкүн