5-июлга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 5-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +26…+31,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26,
Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +28…+30 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Ташиев Париж Олимпиадасына катыша турган спортчулар менен жолукту

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 2024-жылы Парижде өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын атынан чыга турган дзюдо, бокс, сууда сүзүү жана жеңил атлетика боюнча курама командалардын мүчөлөрү жана машыктыруучулары менен жолукту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуу ачык диалог форматында өтүп, анда УКМК башчысы олимпиада […]

Сизге жагышы мүмкүн