5-декабрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 5-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9,
Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +2…+7,
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…+4.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +7…+9 градус жылуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз-тажик чек арасы: Ташиев менен Ятимов кайрадан жолукту

Бүгүн, 4-декабрда Кыргызстандын Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын башчылары макулдашууга жетишип, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын […]

Сизге жагышы мүмкүн