5-апрелде түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +4…+8, күндүз +17…+22,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20,
Баткен түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15,
Нарын облусунда түнкүсүн -1…+5, күндүз +10…+15.
Бишкекте түнкүсүн +7…+9, күндүз +20…+22 градус жылуу болот.