Президент Садыр Жапаров кол ийрисине тартпай, кыңыр ишке аралашкандардын токтоосуз кызматтан кууп атканы карапайым калктын арасында бийликке болгон ишенимди чыңдап жатат. Кумтөрдүн улутташтырылышы, өлкөнүн алтын запасы 40 тоннага жетиши, айлык акылардын көтөрүлүшү, “Кыргыз-Өзбек” чер арасынын чечилиши сыяктуу олуттуу реформалар бийликтин беделин көтөрдү. Учурда ар бир жетекчи иш бөлмөсүндө да, түздөнүп отуруп калганы сөз болууда. Бирок, башталып, бүтпөй жаткан жумуштар да жок экен. Маселен: Түндүк – Түштүк альтернативдик жолу, Асман шаары жана Ош окуясы көмүскөдө калып кеткендей.