470 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Автор

Чүй облусунун Жайыл районундагы мурда “Буудай” ААКга тиешелүү болгон 31,5 га жер тилкеси төмөндөтүлгөн нарк боюнча чыгарылгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 2007-жылы мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, акционердик коомдун жооптуу кызматкерлери менен ич ара сүйлөшүп, мамлекеттин менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттери боюнча маалыматка жетүү мүмкүндүгүнө ээ болуп, жеке баюу максатында Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айылынын аймагында жайгашкан 31,5 га өлчөмүндөгү «Аэродром» жер участогунун учуу-конуу тилкесин жана химикаттарды сактоочу кампасын, ошондой эле «Буудай» ААКга таандык башка курулуштарды 185 миң сомго мыйзамсыз алып чыгышкан.
Мындан улам, 2024-жылдын 14-августунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында болжолдуу баасы 470 млн сомду түзгөн аталган жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.
УКМК буга чейин мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында бир канча объектилерди мамлекеттин балансына кайтарган.

Бөлүшүү:
Next Post

Криштиану Роналду өзүнүн үч сырын айтты

Криштиану Роналду жаңы сезонду Сауд Арабиянын Суперкубогунун жарым финалында гол менен баштады. Португалиялык чабуулчу 39 жашта, мыкты формада жана жакын арада карьерасын токтотууну ойлобойт. Ал ортодо Роналду социалдык тармактарга демөөрчүсүн жарнамалоодо үч сырын ачты. Футболчу уйку, талыкпаган эмгек жана калыбына келүүнү баса белгиледи. “Уйку, чыңалуу жана калыбына келтирүү. Жаңы сезон, […]

Сизге жагышы мүмкүн