26-апрель күнү Максим Горький сейил багында Абдуллаев Ялкин боюнча нааразычылык акциясы өтөт. Мындай маалыматты белгилүү жарандык активист Кеңеш Жумабаев “Апта” маалымат агенттигине билдирди. Өткөн айдагы митингде аталган активист Кытайлык ишкер Ялкун Абдуллаевдин бир эле мезгилде төрт паспорту бар экенин жана ал Бишкек шаарында 50дөн ашык мүлккө ээлик кылаарын айткан. Активист билдиргендей, жалпы чыгым 1 млн доллардан ашкан.