Эртең, 4-мартта тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10,
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9.
Бишкекте түнкүсүн +4…+6, күндүз +15…+17 градус болот.