Эртең, 4-июлда түнкүсүн күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27,
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +31…+35 градус.