Эртең, 4-июлда өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25
Бишкек шаарында түнкүсүн 19…21°, күндүз 30…32° жылуу болот.