4 жыл ичинде 1 млрд 945 млн 515 миң доллар кайтарылган

Автор

2020-жылдын октябрынан 2024-жылдын декабрына чейин мамлекеттик казынага 168 млрд 287 млн 49 миң сом тактап айтканда, 1 млрд 945 млн 515 миң доллар кайтарылды. Мындай маалыматты УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 17-декабрда өткөн басма сөз жыйынында билдирди.
Анын 37 млрд 776 млн сому же болбосо, 436 млн 725 миң доллары акчалай түрүндө, 130 млрд 510 млн сому же болбосо, 1 млрд 508 млн доллары кыймылсыз мүлк түрүндө алынган.
“Декабрдын аягына чейин биз дагы 40 млрд 893 млн сомдук жумушту аягына чыгарабыз. Учурда козголгон кылмыш иштердин айланасында каралып жаткан жумуштар бар. Алар жалпысынан 472 млн 755 миң доллар болот. Демек, 2020-жылдын октябрь айынан 2024-жылдын декабрь айынын аягына чейин 209 млрд сом жыйналат. Бул 2 млрд 400 млн доллар болот”, – деп билдирди УКМК төрагасы.

Бөлүшүү:
Next Post

Ыйлагандан кийин эмне үчүн шишип кетебиз?

Ыйлагандан кийин шишик дененин физиологиялык реакцияларынан пайда болот: 1. Бетке кандын активдүү агымы. Ыйлаганда эмоционалдык стресстен көздүн жана беттин кан айлануусу күчөп, кызарып, шишик пайда болот. 2. Ашыкча көз жашы суюктук. Көз жашы көздөн жаш агызуучу каналдарды тыгып, ашыкча суюктук көздүн айланасындагы жумшак ткандарда калып, алардын шишип кетишине алып келет. […]

Сизге жагышы мүмкүн