4-декабрга карата аба ырайы

Автор

Эртең, 4-декабрда Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10,
Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +2…+7,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6,
Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…+5.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +8…+10 градус жылуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте жаңы жылдык балаты даяр болуп калды

Бишкекте борбордук Ала-Тоо аянтта башкы балатыны жасалгалоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын адистери гирляндаларды орнотууда жана жакында майрамдык оюнчуктарды илип башташат. Буга чейин балатынын каркасын “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери орнотушкан. Жаңы жылдык башкы балатынын бийиктиги 32 метр, диаметри 13 метрди […]

Сизге жагышы мүмкүн