4-апрелге карата аба ырайы

Автор

4-апрелде түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
Күндүз Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +9…+14,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +12…+17.

Бишкекте түнкүсүн +6…+8, күндүз +17…+19 градус жылуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте таяк тартыш боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Бишкекте таяк тартыш (мас рестлинг) өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасында Кыргызстандын чемпионат өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, мелдеш 20-21-апрель күндөрү Кыргыз-Түрк Манас университетинин спорт комплексинде орун алат. Катышуучулар төмөнкү салмакта күч сынашат: өспүрүмдөр арасында (14-15 жаш) — 50, 60, 70, 80, +80 кг; Жаштар […]

Сизге жагышы мүмкүн