356 үй-бүлө жаңы үйлөргө ээ болду

Автор

Казакстанда селден кийин турак-жайы калыбына келтирилбей калган 356 үй-бүлө үй жана батирге ээ болду.
Бүгүнкү күндө 29 625 үй-бүлө 10,7 миллиард теңгеден (24,6 миллион доллардан) ашык суммада бир жолку төлөм алышты. Жалпысынан 30 912 арыз түшкөн.
Жабыркаган аймактардагы 8863 объектиге келтирилген зыянды аныктоо иштери аяктады. 356 үйбүлө жаңы үйлөрдү жана квартираларды алышты. 1472 үйдүн курулушу жүрүп жатат. 1389 үйдү оңдоого 5,2 миллиард теңгеден ашык каражат бөлүнгөн. 3804 үй-бүлө 657 миллион теңге өлчөмүндө келтирилген материалдык зыяндын ордун толтурду. Өлгөн мал үчүн төлөмдүн көлөмү 3,6 миллион долларга жетти.

Бөлүшүү:
Next Post

Жакынкы бир саат аралыгында Бишкек шаарында катуу шамал күтүлөт

Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертип билдирүү таратты. Катуу шамал учурунда: Унаанызды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз; Электр чубалгылары турган жерге барбаңыз; Көз айнек кийиниз. Кырсык катталган учурда […]

Сизге жагышы мүмкүн