31-январга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 31-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда, Баткен облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…+5;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2;
Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндуз -5…-10.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7°, күндүз -2…-4° болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Шайлоо алдында 2,5 миллиард еврого курал-жарак тапшырык кылынды

Немис депутаттары 23-февралда өтө турган мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоолордун алдында Бундесвер үчүн 2,5 миллиард еврого жакын суммадагы курал-жарак жана жабдууларды сатып алуу боюнча буйруктарды бекитишти. Маалыматка караганда , сатып алуулар Германиянын Куралдуу күчтөрү үчүн 1,8 миллиард еврого жаңы байланыш системасын, 417 миллион еврого жөө аскер курал-жарагын, 100 миллион еврого жакын […]

You May Like