Кыргызгидромет билдиргендей, 31-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз жаан-чачын болбойт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +12…+17
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +11…+16
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз +6…+11
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы түнкүсүн +1…+3°, күндүз +14…+16° жылуу болот.