Кыргызгдромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 31-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Ысык-Көл, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20,
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15,
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +8…+13 градус.
Бишкек шаарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +15…+17 градус болот.