31-майга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 31-майга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22,
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +26…+28 градус нөлдөн жогору болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров жумушсуздукка байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды

Президент Садыр Жапаров өлкөдө жумушчу күчүнүн жетишсиздигине байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, анда өлкө боюнча жумушчу күчү жетишпей жатканына байланыштуу акыркы эки жылдан бери активдүү иштеп баштаган тигүү цехтери, курулуш компанияларынын иши токтой баштаганын айтты. “Тейлөө тармагына да кызматкерлер жетишпей жаткандыгы боюнча кайрылуулар түшүп, […]

Сизге жагышы мүмкүн