31-августта 15 миңден ашык милиционер коопсуздукту камсыздайт

Автор

Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүндө коомдук коопсуздукту камсыздоого 15 миңден ашык милиционер тартылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 31-августта өлкөдө Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.
Алсак, 26-28-август күндөрү республика боюнча «Укук тартип» аталышындагы комплекстүү алдын алуу ыкчам иш-чарасы уюштурулат. Бул иш-чаранын алкагында “Арсенал”, “Нелегал”, “Селсаяк” аталышындагы алдын алуу рейддери өтөт.
Бишкек шаарында өтө турган майрамдык иш-чараларда ИИМдин 5 миңден ашык кызматкери тартылат.
“Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган чараларды туура түшүнүү менен кабыл алат деген ойдобуз”, — деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Зеленский 26-августта массалык чабуул болгонун айтты

Украинанын президенти Владимир Зеленский 26-августта болгон орус аскерлеринин өлкө аймактарына жасаган массалык чабуулуна комментарий берди. «Азыр өлкө боюнча орустардын чабуулунун кесепеттерин жоюу иштери уланып жатат. Бул эң ири чабуулдардын бири болду. Ар кандай түрдөгү жүздөн ашуун ракета жана «Шахеддер» болду»,-деди Зеленский. Зеленскийдин билдирүүсүндө каза болгондор жана ондогон жарадарлар бар экени […]

Сизге жагышы мүмкүн