31-августта Ош шаарында бир катар иш-чаралар өтөт. Программа

Автор

Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 31-августта Ош шаарында бир катар майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу Ош мэриясынын билдиришти.
Маалыматка ылайык, күндүзгү иш-чаралар саат 9:00дөн тарта Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багында башталат. Мында жайкы театрдын ачылыш аземи, концерттик программалар, сүрөтчүлөр көргөзмөсү, 33 жаш баланын тушоо кесүүсү жана улуттук спорт оюндары өтөт. Ошондой эле “Күз фест 2024” мөмө-жемиштер жарманкеси уюштурулат.
Майрамдык салтанаттын негизги бөлүгү кечки саат 20:00до Кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда Ош шаарынын борбордук аянтында чоң программадагы гала-концерт менен жыйынтыкталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Маданият министри чет элдик ырчылардын келиши боюнча үн катты

Саналуу күндөн кийин Кыргызстанда эгемендүүлүк майрамы белгиленет. Ага бир катар чет элдик ырчылар келери айтылган. Ошондон кийин социалдык тармактарда чет элдик аткаруучулардын келүүсүнө каршы пикирлерин айткандар көбөйгөн. Буга байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов “Кабар” маалымат агенттиги маек уруп, пикирин билдирди. Ал “Кайсы бир чоң иш-чара […]

Сизге жагышы мүмкүн