Кыргызстанда бөйрөк оорусуна чалдыгып, гемодиализге муктаж болгон 3000дей адам донор таба албай жатканын саламаттык сактоо министри маалымдады.
Ал оорулуулардын туугандарына кайрылып, бөйрөк боюнча донор болуп берүүлөрүн өтүнгөн. Министр май айынын этегинде өлкөдө 15 адамдын боорун жана 4 кишинин чучугун алмаштыруу мерчемделип жатканын билдирди. Президент Садыр Жапаров боор жана чучук алмаштыруу мындан ары өзүбүздө ишке ашаарын белгилеп, каражат бөлгөнү белгилүү болгон. Мындай оор операциялар ОшМУда алгачкы жолу ишке ашкан.