300 миңге жакын нускада жаңы окуу китептери басылып чыкты

Автор

Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен дагы 5 жаңы окуу китептери жарык көрдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуу китептери “Учкун” ачык акционердик коомунун басмаканасында 285 миң 630 нускада басылып чыкты.
Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн:
русский язык, 7-класстар үчүн (авторлору: Н.П. Задорожная, Ч.М. Мусаева);
русский язык, 8-класстар үчүн (авторлору: Н.П. Задорожная, Г.С. Чепекова).
Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн:

кыргыз тили, 7-класстар үчүн (авторлору: А.А. Оморова, П.С. Осмонова, Т.Н. Абылкасымова, А.А. Узекеева);
кыргыз тили, 8-класстар үчүн (авторлору: А.А. Оморова, Т.И. Ботбаева, Г.К. Эшпаева);
русский язык, 7-класстар үчүн (авторлору: Л.М. Бреусенко, Т.А. Матохина).
Эске сала кетсек, 2024-жылы республикалык бюджетте билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоого 152 млн сом каралган. Бул каражаттын эсебинен 2024-2025-окуу жылына карата 428 960 нускада жаңы окуу китептери жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор басылып чыккан. Мектептерди жаңы окуу китептери менен камсыздоо максатында 2024-жылы республикалык бюджеттен 90 млн сом кошумча бөлүнгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Башаламандыктардан улам Пакистандын борборуна аскерлер киргизилди

Пакистандын 72 жаштагы мурдагы премьер-министри Имран Хандын тарапташтары аны түрмөдөн бошотууну талап кылууда. Алар полиция менен кагылышып, бийлик тарабынан коюлган баррикадаларды жарып өтүп, Исламабаддын борборуна кирип барышты. Нааразы болгондор Исламабаддын борбордук аянтына чогулууну каалашкан. Бирок бийлик негизги көчөлөр менен жолдорду контейнерлерден жасалган баррикадалар менен тосуп, борборго аскерлер менен полицияларды алып […]

Сизге жагышы мүмкүн