Өзбекстанда кайдыгерлик жана жоопкерчиликсиз мамилеси үчүн 297 кызматкер иштен бошотулду. Алардын ордун заманбап ой жүгүрткөн, ишкердикке жөндөмдүү жаш адистер ээледи. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев жакырчылыкты азайтуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктарына арналган жыйында билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, айрым кызмат адамдар махаллалардагы жакырчылыкты азайтуу боюнча иштерге олуттуу мамиле жасашкан эмес.
«Жарандардын жана ишкерлердин көйгөйлөрүн чечпеген жетекчи кызматтан алынат»,-деген Мирзиёев аткаминерлерди дүйнө таанымын өзгөртүүгө чакырды.
Президент дүйнөдө саясат жана экономика мүнөт сайын татаалдашып, жаңы коркунучтар пайда болуп жатканын баса белгиледи. Ал азыр чечим таппаса, кийин кеч болуп каларын айтты.
Бакыт Сыдыков экономика жана коммерция министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды
Шар Дек 18 , 2024