30-январдан тарта Бишкекте жол акысы көтөрүлөт

Автор

30-январдан баштап Бишкек шаарында жол акысы көтөрүлөт. Ага ылайык, накталай төлөм 20 сом болот. Ал эми накталай эмес төлөм 17 сомго белгиленди. Мындай тариф муниципалдык транспорттор үчүн белгиленди. Менчик маршруттарда дагы жол кире 20 сом деп каралды. Шаардыктар болсо, мэриянын мындай кадамын туура деп баалап, муну айлыктардын өскөнүнө байланыштырышат. Мэр Айбек Жунушалиев эгер жол кире кымбаттабаса, жаңыдан алынган автобустарды төлөө кыйындайт деп билдирүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 18-январга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 89.40 сомдон болсо, сатуу 89.70 сом болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 89 сом 29 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн