Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 30-ноябрда Чүй, Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 5…10,
Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4…9, күндүз 8…13,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9,
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 3…8,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -13…-18, күндүз -3…+2 градус болот.
Бишкекте жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 6…8° болот.