30-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан катуу жаайт.
Күндүз көпчүлүк аймакта жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +7…+12,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14,
Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11.
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +8…+10 градус жылуу болот.