Эртең, 30-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;
Талас облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24;
Нарында түнкүсүн 2…7, күндүз 19…24;
Бишкек шаарында түнкүсүн 11…13°, күндүз 28…30° жылуу болот.