30-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23,
Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 6…11, күндүз 16…21,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18,
Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16,
Бишкекте түнкүсүн 6…8°, күндүз 20…22° болот.