30-августка карта аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 30-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жана дыйканчылык аймактарында, Таласта жаан жаап, күн күркүрөйт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жана дыйканчылык аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…10, күндүз +21…+26

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустары түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27

Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14°, күндүз +27…+29° жылуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Экс-депутат Атазов тай боксу боюнча чемпион болду

Бүгүн 29-августта Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов Таиландда өтүп жаткан муай-тай (тай боксу) турниринде жеңүүчү болду. 45 жаштагы Шайлообек Атазовдун башкы атаандашы Таиланддын өкүлү Чиангкван Паномтед болду. Бул кармашта экс-депутат экинчи раундда техникалык нокаут менен жеңишке жетишкен. Атаандашы экинчи раунддун башында беттешти уланта алган жок, ал бутуна алган соккудан […]

Сизге жагышы мүмкүн