3-сентябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 3-сентябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз өлкө аймактарында жаан жаабайт.
Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22,
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +18…+23.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +25…+27 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Түштүк Кореяда окуу жылы мартта башталат

Түштүк Кореяда окуу жылы март айында башталат. Бул күнү мугалимдерге белек берүү, жыйын өткөрүү адат эмес. Күн кадимкидей сабактар менен башталат. Түштүк кореялык окуучулардын “жашоосу” оңой эмес. Орто жана жогорку класстарда сабактар 8:30да башталып, кечки 6га чейин уланат. Андан соң жеке академияларда сабактар уланат. Ошентип, орточо алганда, окуу күн 22:00до […]

Сизге жагышы мүмкүн