3-октябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 3-октябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18
Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18
Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12°, күндүз +22…+24° жылуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын тайбокс боюнча улуттук курамасы Азия чемпионатына катышат

Кыргызстандын тайбокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкенти. Маалыматка ылайык, мелдеш 3-7-октябрь күндөрү Армениянын Ереван шаарында өтөт. Курама команданын тизмеси: – 42 кг Рамис Масловец; – 54 кг Диана Заинитдинова; – 48 кг Алия Саалыева; – 51 кг Милана Шихшабекова; […]

Сизге жагышы мүмкүн