Эртең, 3-июлда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26,
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +28…+30 градус.
Евро-2024: 1/4 финалынын бардык жуптары аныкталды
Шар Июл 3 , 2024
2024-жылкы Европа чемпиондугунун 1/8 финалынын Австрия менен Түркиянын улуттук командаларынын акыркы оюну аяктап, анда Түркия курама командасы 2:1 эсебинде жеңишке жетти. Ошентип Евро-2024 чейрек финалынын бардык жуптары аныкталды. 2024-жылкы Европа чемпионатынын чейрек финалынын жуптары: 5-июль. Испания – Германия; 5-июль. Португалия – Франция; 6-июль. Нидерланды – Түркия; 6-июль. Англия – Швейцария. […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2024/07/rasklady-na-1-4-finala-evro-2024_17198707442062682163.jpg)