Улуттук илимдер академиясына караштуу Сейсмалогия институту билдиргендей, жер титирөөдөн кийин кайра жер титирөө болбойт.
Кыргызстан эң көп жер титирөө катталган аймакка кирет. Айрыкча, Алай районунун Бор-Дөбө, Сары-Таш жана Эркештам участкалары кооптуу деп аныкталган. Андан кийин Ысык-Көл жана Баткен облустары турат. Алдыңкы 3 жыл аралыгында күчү 8-9 баллга жеткен жердин силкинүүсү орун алышы мүмкүн. Бул 2024-2027-жылдар аралыгына туура келет. Кыргызстанда бир жыл ичинде 13 миңге жакын жер титирөө катталып турат.