3-декабрга карата аба ырайы

Автор

Эртең, 3-декабрда Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6,
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5,
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +3…+5 градус жылуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Алайдын Гүлчө айыл аймагына жаңы атайын техникалар тапшырылды

Алай районунун Гүлчө айыл аймагына 2 жаңы атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, техникаларды президенттин өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев тапшырды. Жаңы атайын техникалар Ош облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан аймактын муктаждыгына жараша облустук өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин атайын чечиминин негизинде сатып алынган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн