Эртең, 3-августта өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +33…+38,
Талас облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +34…+39,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31,
Нарын облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +27…+32,
Бишкекте түнкүсүн +22…+24, күндүз +36…+38 градус болот.