29-февралга карата аба ырайы

Автор

29-февралда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Кээ бир жерлерге туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4,

Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…+7,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +3…+8,

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…+3.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз +2…+4 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Армения ЖККУдан чыгуусун жокко чыгарган жок

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Армения Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу Армениянын премьер-министри өкмөттүк саатта сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Пашиняндын айтымында, Ереван мындан ары ЖККУнун ишине катышпайт, кийинки кадам өлкөнүн аскерий уюмдан чыгышы болот. Премьер-министр Армения жогорку деңгээлдеги жолугушууларга катышпай турганын, ЖККУда туруктуу өкүлү жок экенин […]

Сизге жагышы мүмкүн