Кыргызгидромет билидиргендей, 29-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт.
Күндүз Жалал-Абад облусунун бир аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар түшөт жана айрым жерлерде туман болот.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз +5…+10,
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8.
Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +6…+8 градус жылуу болот.