29-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +12…+17,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +14…+19,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18,
Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +13…+18.
Бишкекте түнкүсүн +6…+8, күндүз +15…+17 градус жылуу болот.