29-июнга карата аба ырайы

Автор

Эртең, 29-июнда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +21…+26, күндүз +32…+37,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +32…+37,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29,

Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28.

Бишкекте түнкүсүн +22…+24, күндүз +34…+36 градус ысык болот.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш иш сапары менен Кыргызстанга келет

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш 1-3-июль күндөрү Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле […]

Сизге жагышы мүмкүн