29-июлга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 29-июлда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө  түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37,

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +31…+36,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +32…+37,

Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,

Нарын облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29,

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +19…+21, күндүзгү жогорку температура +33…+35 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Россияга каршы санкциялар кеңейди

Евробиримдик Украинадагы жаңжалдан улам Россияга каршы санкцияларын кеңейтип, Россия Федерациясынын жети адамын жана беш уюмун кара тизмеге киргизд. Тизмеге Чет өлкөлөрдөгү Россия институту, АНО «Диалог», «Инфорос» маалымат агенттиги, Социалдык долбоорлоо агенттиги, Структура Групп ЖЧКсы алардын жетекчилери кирди. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн