Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 28-ноябрда өлкөнүн аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +14…+19,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11,
Нарын облусунда түнкүсүн -6…-1, күндүз +6…+11.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 19…21 градус болот.