28-июнга карата аба ырайы

Автор

Эртең, 28-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 21…26, күндүз 33…38;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 30…35;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 21…26, күндүз 33…38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31;
Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27.
Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн 24…26°, күндүз 36…38° ысыйт.

Бөлүшүү:
Next Post

Байден-Трамп дебаты көрүүчүлөрсүз өтөт

АКШ президенти Жо Байден менен анын атаандашы Дональд Трамптын алдын ала шайлоо дебаттарына көрүүчүлөр жана журналисттер катышпайт. Ак сарайдын журналисттер ассоциациясы мындай тажрыйба адаттан тыш экенин белгилейт. «Бүгүнкү дебаттар көрүүчүлөрсүз өтөт, ал эми алардын эрежелеринде талапкерлердин микрофондорун өчүрүү мүмкүнчүлүгү каралган. Реалдуу убакытта бул кандайча ишке ашары белгисиз»,-деп айтылат пресс-релизинде. Байден […]

Сизге жагышы мүмкүн