Кыргызгидромет билдиргендей, 28-июлда күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаайт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +20…+25, күндүз +29…+34,
Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +31…+36,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27,
Нарын дубанында түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27,
Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкү температурасы +22…+25, күндүзгү жогорку температура +30…+33 градус болот.