28-августка карата аба ырайы

Автор

28-августта түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күңдүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.
Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-августта күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29 градус жылуу болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 27…29° жылуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Эгемендүүлүк күнүнө карата концерт тууралуу президент үн катты

Эгемендүүлүк күнүнө карата концерт тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине комментарий берди. Маекти толугу менен беребиз: – Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Өзүңүз деле байксаңыз керек, акыркы күндөрү соцтармактын кыргыз бөлүгүндө эң эле кызуу талкууланган тема чет элдик артисттер Эгемендүүлүк күнүндөгү концертке келет деген маалымат болууда. Алар чындап эле өздөрү демилге көтөрүп […]

Сизге жагышы мүмкүн