ЖК депутаттары уран казууга жол ачкан мыйзамды жактырды

Автор

ЖК депутаттары уран казууга жол ачкан мыйзамды жактырды
Жогорку Кеңеш бүгүн, 13-июндагы жалпы жыйынында Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.
Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоорун үчүнчү окууда 70 депутат колдоп, 8 депутат каршы добуш беришти.
Жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кызыл-Омпол кенинен титаномагнетитти өндүрүү негизги максат экенин айтты.
Эске салсак, документ 2019-жылы кабыл алынган “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө” мыйзамын жокко чыгаруу максатын көздөйт.

Бөлүшүү:
Next Post

Италияда G7 саммити башталат

Бейшемби, 13-июнда Италиянын Апулия аймагында Чоң жетиликтин саммити ачылат. Жолугушуунун негизги темалары Украинадагы жаңжал, тоңдурулган Россиянын активдери маселеси, Жакынкы Чыгыштагы абал, Африка өлкөлөрүнүн өнүгүүсү, миграция, экономикалык жана энергетикалык коопсуздук, ошондой эле жасалма интеллектти өнүктүрүү, климаттын өзгөрүшү болору күтүлүүдө. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн