Кыргызгидромет билдиргендей, 27-сентябрга караган түнү жана күндүз өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21,
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +17…+22.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +24…+26 градус болот.