27-сентябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 27-сентябрга караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу жана бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар аралаш жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын болот.
Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16;
Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17 градус жылыйт.
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 15…17 градус жылуу болот.

Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн