27-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 4…9, күндүз 10…15;
Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15.
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түнкүсүн 7…9°, күндүз 13…15° жылуу болот.