27-майда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28,
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21,
Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20.
Бишкекте түнкүсүн +11…+13, күндүз +25…+27 градус болот.